Бийлик банктарды салык боюнча карызы бар жарандардын эсептерин ачыкка чыгарууга милдеттендирүүнү көздөөдө

Экономика министрлиги банктарды салык карызы бар бардык кардарлардын эсептери тууралуу маалыматты ачыктап берүүгө милдеттендирүүнү сунуштоодо. Тиешелүү түзөтүүлөр ведомство тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Түзөтүүлөргө ылайык, Экономика министрлиги салык боюнча карызы бар бардык кардарлардын эсептери боюнча маалыматты ачыктоого банктарды милдеттендирүүнү сунуштоодо. Бүгүнкү күнгө карата, салык карызы барлар салык төлөө талабы боюнча банк эсебинен өндүрүлүп алынат.

Ошентип, банктарды салык төлөөчүлөрдүн эсептеринин, анын ичинде жаңы ачылган эсептеринин бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттендирүү сунушталууда.