Кыргызстанда турак-жай Өзбекстан менен Казакстанга караганда арзан – себептерин эксперт түшүндүрөт

Кыргызстанда турак жайга суроо-талап аз болгондуктан анын баасы Өзбекстан менен Казакстанга салыштырмалуу арзан. Бул тууралуу Economist.kgге ЖИА бизнес-ассоциациясынын курулуш бөлүмүнүн башчысы Чолпонбек Акматов билдирди.

Акматовдун айтымында, коңшу өлкөлөрдө турак-жайдын баасын кармап турган негизги факторлордун бири – калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү Өзбекстан менен Казакстанда жогору. Кыргызстанда болсо абал тескери – базар тар, калк аз жана элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгү да төмөн. Мына ушуга байланыштуу курулуш компаниялары баа менен өз наркынын ортосундагы бир аз айырмасы менен гана иштеши керек.

Анын айтымында, Өзбекстан менен Казакстанда эконом-класстагы үйлөрдүн чарчы метринин баасы 900 доллардан башталат. Ошол эле учурда, сатып алуучу өзү тосмолорду орнотуу, электр байланышын жана жылытууну жүргүзүү сыяктуу нерселерди өзү жасашы керек. Акматов мындай үйлөр негизинен шыптары жапыз экенин белгилеп, жадагалса Кыргызстанда андай үй салынбай турганын кошумчалады.

Акматов учурда Кыргызстандын базарында жаңы курулуп жаткан үйлөрдөгү батирлердин чарчы метринин баасы 650 доллардын тегерегинде экенин билдирди. Ошол эле учурда экинчи рынокто сериялык үйлөрдүн бир чарчы метринин баасы 1200 доллардан башталат. Анын пикиринде, мындай үйлөр үчүн баа өтө кымбат, анткени алар көп учурда жылууланбаган жана коммуникациялары эскирген.

Анын айтымында, КРдагы экинчи даражадагы турак-жайга болгон баалардын кымбатташы кыргызстандык курулуш компаниялардын суроо-талапты жаба албагандыгынан жана адамдар негизги эмес, экинчи кезектеги турак-жайды сатып алууга аргасыз болуп жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.

"Бул нормалдуу көрүнүш эмес, нормалдуу өлкөлөрдө биринчи турак жай ар дайым экинчи турак жайга караганда кымбатыраак болот. Панелдүү үйлөрдү жаңы үйлөр менен салыштырууга болбойт, анткени бөлмөлөрү көп, коммуникациялары жаңы, шыптары бийик. Эмнегедир эл Совет мезгилиндеги салынган үйлөрдү жакшыраак деп ойлошот, бирок ар бир советтик үйдөн көп кемчиликтерди тапса болот", - деди Акматов.

Ал кошумчалагандай, Өзбекстан менен Казакстандагы кардарларга караганда Кыргызстандагы кардарлар кылдан кыйкым издеп турушат. Себеби, коңшу өлкөлөрдө турак жай негизинен ипотекага сатылып, кардар эмес, банк кардар катары сатып алат. Ал эми банк маанилүү майда-чүйдө нерселерге көңүл бурбайт.