> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл жарым жыл ичинде КР Өзбекстанга экспортту 15%га көбөйттү, импорт кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2023/08/17/byiyl-zharym-zhyl-ichindie-ozbiekstangha/
- Published: 2023-08-17T08:24:48.000Z
- Updated: 2023-08-17T08:24:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2023-жылдын январь-июнь айларында 277.4 млн долларды түзүп, ал 10.6%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.**

**Анын ичинде:**

- **экспорт** 113.9 млн долларды түзүп, **14.7%га көбөйдү**
- импорт 163.5 млн долларды түзүп, **8%га кыскарды**.

**2023-жылдын январь-июнь Өзбекстанга төмөнкү товарлардын экспорту көбөйдү:**

- тамак-аш азыктары жана айыл чарба сырьелору: сүт азыктары 2.5 эсеге, жүгөрү 2.3 эсеге, башка жаңгактар 1.4 эсеге, ундан жасалган кондитердик азыктар 1.4 эсеге, пияз ж.б.)
- көмүр 1.9 эсеге
- кара металлдар жана алардан жасалган буюмдар 1.2 эсеге
- пластмасса буюмдары 5.1 эсеге
- башка химиялык продуктылар 1.2 эсеге
- алюминий жана андан жасалган буюмдар **7.7 эсеге**
- жеңил автомобилдер жана алардын тетиктери 2.3 эсеге
- ар түрдүү машиналарды, жабдууларды, механикалык приборлорду 1.5 эсеге.

Ошондой эле министрлик Кыргызстан менен Өзбекстан соода потенциалын арттыруу максатында Бишкек жана Ташкентте соода үйлөрүн ачууга максималдуу түрдө көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

> "Ошону менен бирге өзбек тарап Кыргызстандын соода комплекси жана эркин соода аймагы болгон "Термез" эл аралык соода борбору" долбооруна катышуусуна көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи", - дейт министрлик.