Быйыл жарым жыл ичинде КР Өзбекстанга экспортту 15%га көбөйттү, импорт кыскарды

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2023-жылдын январь-июнь айларында 277.4 млн долларды түзүп, ал 10.6%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин  маалыматында айтылат.

Анын ичинде:

  • экспорт 113.9 млн долларды түзүп, 14.7%га көбөйдү
  • импорт 163.5 млн долларды түзүп, 8%га кыскарды.

2023-жылдын январь-июнь Өзбекстанга төмөнкү товарлардын экспорту көбөйдү:

  • тамак-аш азыктары жана айыл чарба сырьелору: сүт азыктары 2.5 эсеге, жүгөрү 2.3 эсеге, башка жаңгактар 1.4 эсеге, ундан жасалган кондитердик азыктар 1.4 эсеге, пияз ж.б.)
  • көмүр 1.9 эсеге
  • кара металлдар жана алардан жасалган буюмдар 1.2 эсеге
  • пластмасса буюмдары 5.1 эсеге
  • башка химиялык продуктылар 1.2 эсеге
  • алюминий жана андан жасалган буюмдар 7.7 эсеге
  • жеңил автомобилдер жана алардын тетиктери 2.3 эсеге
  • ар түрдүү машиналарды, жабдууларды, механикалык приборлорду 1.5 эсеге.

Ошондой эле министрлик Кыргызстан менен Өзбекстан соода потенциалын арттыруу максатында Бишкек жана Ташкентте соода үйлөрүн ачууга максималдуу түрдө көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

"Ошону менен бирге өзбек тарап Кыргызстандын соода комплекси жана эркин соода аймагы болгон "Термез" эл аралык соода борбору" долбооруна катышуусуна көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи", - дейт министрлик.