> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Балта мэриясы дээрлик 12 млн сомго шаардын жаңы башкы планын иштеп чыгат
- URL: https://im.kg/all/2023/08/17/kara-balta-munitsipalitieti-deerlik-12-mln-somgho-shaardyn-zhany-bashky-planyn-ishtiep-chyghuunu-kaalait/
- Published: 2023-08-17T06:22:10.000Z
- Updated: 2023-08-17T06:26:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы маданият, спорт жана муниципалдык менчик бөлүмү шаардын башкы планын иштеп чыгууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.**

> Порталдын маалыматына ылайык, бул иштерге **11.8 млн сом** бөлүнөт. Жеткирүүчүлөр конкурска арыздарды үстүбүздөгү жылдын 30-августуна чейин бериши керек.

Талаптарга ылайык, ишканада бул адистик боюнча долбоордун башкы архитекторунун күбөлүктөрү бар экиден кем эмес адис болушу керек.