Кара-Балта мэриясы дээрлик 12 млн сомго шаардын жаңы башкы планын иштеп чыгат

Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы маданият, спорт жана муниципалдык менчик бөлүмү шаардын башкы планын иштеп чыгууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

Порталдын маалыматына ылайык, бул иштерге 11.8 млн сом бөлүнөт. Жеткирүүчүлөр конкурска арыздарды үстүбүздөгү жылдын 30-августуна чейин бериши керек.

Талаптарга ылайык, ишканада бул адистик боюнча долбоордун башкы архитекторунун күбөлүктөрү бар экиден кем эмес адис болушу керек.