КРнын товарлары Үрүмчүдө "ЭКСПО Кытай-Евразия товарлары жана соодасы 2023" жарманкесинде коюлду

Бүгүн, 17-августта Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун (СУАР) Үрүмчү шаарында "ЭКСПО Кытай-Евразия товарлары жана соодасы 2023" көргөзмө-жарманкеси ачылды жана ал 21-августка чейин уланат. Бул тууралуу КР Экономика министрлиги билдирди.

"КРнын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Кыргызстандын көргөзмө Павильонун уюштуруу боюнча иштери жүргүзүлүп, Кытай рыногуна кыргыз товарларын жылдыруу максатында ата мекендик ишканалардын продукциялары да коюлду", - дейт министрлик.

Кытай эл аралык жарманкеси үч жолу ийгиликтүү өтүп, жемиштүү жыйынтыктарга жетишкен. Көргөзмөгө дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн жана аймагынан жана 31 провинциядан, автономиялуу облустардан жана муниципалитеттерден 3700дөн ашык компания катышып, сатып алуучулардын саны 32 миңден ашты. Экономика, соода, энергетика, илим жана техника жана гуманитардык илимдер, тармактарында 50дөн ашык форум жана атайын иш-чаралар өткөрүлүп, келишимдин жалпы суммасы 487.332 млрд юань түзгөн.