> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын жети энергокомпаниясынын лицензиясы токтотулду
- URL: https://im.kg/all/2023/08/17/krnyn-zhieti-enierghokompaniiasynyn-litsienziiasy-toktotuldu/
- Published: 2023-08-17T03:31:39.000Z
- Updated: 2023-08-17T03:31:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаменти Кыргызстандагы жети энергетикалык компаниянын лицензиясын жокко чыгарды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.**

Маалым болгондой, аталган башкармалык соттун чечиминин негизинде жети энергокомпаниянын электр энергиясын сатуу жана бөлүштүрүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугуна лицензияны токтотуу боюнча буйрук чыгарган.

**Лицензиялары жокко чыгарылган энергетикалык компаниялар:**

- "Энергоспецсервис" ЖЧК
- "ААА-Электро" ЖЧК
- "Мамбеталиева С.Ш." ЖИ
- "Нурэлектросетстрой" ЖЧК
- "Узан уста" ЖЧК
- «Кайында кабель заводу» ААК
- "Гран Интер Трейд" ЖЧК.