Кыргызстан бүткүл Евразия үчүн исламдык каржылоо платформасы боло алат – Пирназаров

Кыргызстан бүткүл Евразия үчүн исламдык каржылоо платформасы боло алат. Бул тууралуу Мамлекеттик Финансылык көзөмөл органынын жетекчиси Марат Пирназаров "КРдагы ислам финансы секторун өнүктүрүү" бизнес-форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк ислам экономикасы абдан тез өнүгүп жаткан жана динамикалык тармак болуп саналат. Анын дүйнөдөгү капитализациясы буга чейин 2 трлн доллардан ашкан.

"Евразиялык континентте Кыргызстан исламдык каржылоону өнүктүрүүгө багытталган чаралар боюнча өлкөлөрдүн лидерлеринин катарында турат. Биздин алдыда бир топ амбициялуу максаттарыбыз бар өлкөбүздү бүткүл Евразия үчүн ислам платформасына айландыруу исламдык каржылоо чөйрөсүндө КР аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн", - деп жыйынтыктады Пирназаров.