> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен текстиль кластерлерин түзүүнү изилдеп жатышат
- URL: https://im.kg/all/2023/08/17/kyrghyzstan-mienien-ozbiekstan-birghielieshkien-tiekstil-klastierlierin-tuzuunu-izildiep-zhatyshat/
- Published: 2023-08-17T08:59:12.000Z
- Updated: 2023-08-17T08:59:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан менен Өзбекстан жогорку кошумча нарк менен даяр продукцияны өндүрүү, ошондой эле аларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо үчүн биргелешкен текстиль кластерлерин түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.**

16-августта Чолпон-Ата мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын онунчу жыйыны өтүп, анда тараптар бир катар долбоорлорду жана макулдашууларды талкуулашты.

> "Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Өзбекстандын «Узтекстильпром» ассоциациясы жогорку кошумча нарк менен даяр продукцияны өндүрүү үчүн биргелешкен текстиль кластерлерин түзүү мүмкүнчүлүгүн карашат", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Тараптар мындан ары бул текстиль продукциясын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна экспорттоо маселесин да талкуулашты.