Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен текстиль кластерлерин түзүүнү изилдеп жатышат

Кыргызстан менен Өзбекстан жогорку кошумча нарк менен даяр продукцияны өндүрүү, ошондой эле аларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо үчүн биргелешкен текстиль кластерлерин түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

16-августта Чолпон-Ата мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын онунчу жыйыны өтүп, анда тараптар бир катар долбоорлорду жана макулдашууларды талкуулашты.

"Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Өзбекстандын «Узтекстильпром» ассоциациясы жогорку кошумча нарк менен даяр продукцияны өндүрүү үчүн биргелешкен текстиль кластерлерин түзүү мүмкүнчүлүгүн карашат", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Тараптар мындан ары бул текстиль продукциясын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна экспорттоо маселесин да талкуулашты.