МАУПФиБдин негиздөөчүлөрү 445 млн сомдук мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган

Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын (МАУПФиБ) негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар мамлекеттик имараттарды мыйзамсыз ээлеп алышкан. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасы билдирди.  

Мекеменин маалыматына таянсак, 2003-жылы аталган окуу жайдын негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар документтерди жасалмалашып, Бишкек шаарындагы Белорус көчөсүнүн 6 жана 6а даректериндеги 3 кабаттуу окуу корпусун, 5 кабаттуу жатаканасын жана 1.7 га жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алышкан. Ошо убакыттан бери 200 млн сомдон ашуун ижара акысын мамлекетке төлөбөй, мыйзамсыз жогорку окуу жайы катары пайдаланып келишкен.

"Башкы прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актыларынын негизинде, мыйзамсыз жана жасалма документтер жокко чыгарылып 445 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды", - дейт прокуратура.

Кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери улантылууда, анын жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдарга тийиштүү юридикалык баа берилет.

Белгилей кетүүчү жагдай, прокуратура органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө ишмердүүлүгүндө мыйзамсыз берилип кеткен мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу багытында 2022-жылы жана 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында 16.9 млрд сомдук мүлктөр жана акча каражаттар кайтарылган, анын ичинде ондогон социалдык объектилер жана башка имараттар бар.