Камсыздандыруу компаниялары КРнын чек араларында ОСАГО полисин сатуу пункттарын ачышты

Камсыздандыруу компаниялары Кыргызстандын чек арасында OСАГО полисин сатуучу пункттарды ачышты. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына КР Камсыздандыруучулар ассоциациясынын жетекчиси Бакыт Шаршеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда КРнын аймагында унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу (ОСАГО) чет өлкөдө катталган автоунаалар үчүн милдеттүү болуп саналат.

"Азыр биздин камсыздандыруу компаниялары бардык аймактарда, бардык жерде мамлекеттик чек аранын ар бир тилкесинде чет элдик автоунаалардын ээлери үчүн ОСАГО полисин сатуу пункттарын уюштуруп, ал тургай бул үчүн атайын жайларды да ижарага алышты", - деди Шаршеналиев.

Ал кошумчалагандай, чет өлкөгө чыгууну пландаган Кыргызстандын жарандары да ошол жактан ОСАГО полисине кайрыла алышат.