> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд долларга жакындап калды
- URL: https://im.kg/all/2023/08/18/kyrghyzstandyn-mamliekiettik-karyzy-6-mlrd-dollargha-zhakyndap-kaldy/
- Published: 2023-08-18T05:25:47.000Z
- Updated: 2023-08-18T05:25:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы + ички) үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягында 1.8%га өсүп, 5 млрд 739 млн долларды (500 млрд 565 млн сом) түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги жарыялады.**

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 5 млрд 623 млн долларды (491 млрд 575 млн сом) түздү.

### Мамлекеттик карыздын түзүмү:

- тышкы карыз — 4 млрд 493 млн доллар (78%)
- ички карыз — 1 млрд 245 млн доллар (22%).