Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд долларга жакындап калды

Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы + ички) үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягында 1.8%га өсүп, 5 млрд 739 млн долларды (500 млрд 565 млн сом) түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги жарыялады.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 5 млрд 623 млн долларды (491 млрд 575 млн сом) түздү.

Мамлекеттик карыздын түзүмү:

  • тышкы карыз — 4 млрд 493 млн доллар (78%)
  • ички карыз — 1 млрд 245 млн доллар (22%).