> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк Бишкектеги төрт акча алмаштыруу жайынын лицензиясын токтотту
- URL: https://im.kg/all/2023/08/18/uluttuk-bank-bishkiektieghi-tort-akcha-almashtyruu-zhaiynyn-litsienziiasyn-toktottu/
- Published: 2023-08-18T03:39:03.000Z
- Updated: 2023-08-18T03:39:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн регулятор төрт алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракетин токтотконун билдирди.**

**2023-жылдын 17-августунан тартып 26-август мезгил аралыгына төмөндөгү бюролордун ишмердиги токтотулду:**

- Бишкек шаары, 7-кичирайону, 37/2-үй, "Сеул Плаза" соода борбору, 01-соода жайы дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Азия Трэвэл» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 6394 лицензиясы
- Бишкек шаары, Садырбаев көчөсү, 107 «Фрунзе» СБ дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ДИМ ПРОФИ» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 2-октябрындагы № 6009 лицензиясы
- Чүй областы, Панфилов району, Чалдыбар айылы, Ленин көчөсү 51-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ислам КЭШ» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 22-июлундагы № 6173 лицензиясы
- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 96А дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «БаРаКа-финанс М» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 18-августундагы № 6342 лицензиясы.