Улуттук банк Бишкектеги төрт акча алмаштыруу жайынын лицензиясын токтотту

КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн регулятор төрт алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракетин токтотконун билдирди.

2023-жылдын 17-августунан тартып 26-август мезгил аралыгына төмөндөгү бюролордун ишмердиги токтотулду:

  • Бишкек шаары, 7-кичирайону, 37/2-үй, "Сеул Плаза" соода борбору, 01-соода жайы дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Азия Трэвэл» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 6394 лицензиясы
  • Бишкек шаары, Садырбаев көчөсү, 107 «Фрунзе» СБ дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ДИМ ПРОФИ» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 2-октябрындагы № 6009 лицензиясы
  • Чүй областы, Панфилов району, Чалдыбар айылы, Ленин көчөсү 51-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ислам КЭШ» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 22-июлундагы № 6173 лицензиясы
  • Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 96А дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «БаРаКа-финанс М» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 18-августундагы № 6342 лицензиясы.