> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Байден Борбор Азия лидерлерин АКШга саммитке чакырды
- URL: https://im.kg/all/2023/08/21/baidien-borbor-aziia-lidierlierin-aksh-sammitinie-chakyrdy/
- Published: 2023-08-21T07:06:40.000Z
- Updated: 2023-08-21T08:45:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**АКШнын президенти Жо Байден Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин сентябрдын экинчи жарымында өтө турган саммитке чакырганы тууралуу маалыматты казак [басылмалары](https://forbes.kz/news/2023/08/20/newsid%5F307394) жазып чыгышты.** 

> "19-20-сентябрда С5+1 форматындагы расмий жолугушууда сиз мени менен коопсуздук, экономика жана экология жаатындагы жалпы максаттарыбызды биргелешип алдыга жылдыруу жолдорун талкуулай аласыз деп ишенем", - деп айткан ал президенттерге чакыруу катында.

11-августтагы катта БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын (CA5+1) башчыларынын жолугушуусу пландаштырылганы айтылган.

C5+1 – Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн жана Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстандын жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн (С5) аймактык дипломатиялык платформасы болуп саналат. 2015-жылы C5+1 түзүлгөндөн бери платформанын катышуусу АКШ – Борбор Азия диалогун жана министрлер деңгээлинде, эксперттик жолугушуулар жана тематикалык жумушчу топтор аркылуу кызматташууну өткөрүп келет.