Байден Борбор Азия лидерлерин АКШга саммитке чакырды

АКШнын президенти Жо Байден Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин сентябрдын экинчи жарымында өтө турган саммитке чакырганы тууралуу маалыматты казак басылмалары жазып чыгышты.

"19-20-сентябрда С5+1 форматындагы расмий жолугушууда сиз мени менен коопсуздук, экономика жана экология жаатындагы жалпы максаттарыбызды биргелешип алдыга жылдыруу жолдорун талкуулай аласыз деп ишенем", - деп айткан ал президенттерге чакыруу катында.

11-августтагы катта БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын (CA5+1) башчыларынын жолугушуусу пландаштырылганы айтылган.

C5+1 – Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн жана Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстандын жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн (С5) аймактык дипломатиялык платформасы болуп саналат. 2015-жылы C5+1 түзүлгөндөн бери платформанын катышуусу АКШ – Борбор Азия диалогун жана министрлер деңгээлинде, эксперттик жолугушуулар жана тематикалык жумушчу топтор аркылуу кызматташууну өткөрүп келет.