АКШ Кыргызстандан кийин санкциялык тизмеге Казакстандын компаниясын киргизди

АКШнын Финансы министрлигине караштуу Чет элдик активдерди көзөмөлдөө бюросу (OFAC) Россия менен Түндүк Кореянын курал-жарак жеткирүү жаатындагы келишимдерге көмөктөшкөн Россия, Казакстан жана Словакиянын компанияларына каршы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу АКШнын Финансы министрлиги билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, санкциялык тизмеге россиялык "Верус" компаниясы, казакстандык Defence Ingeneering жана словакиялык "Версор" кирген. Бул уюмдардын жетекчиси Словакиянын жараны Ашот Мкртычев болуп саналат, ага каршы Вашингтон 2023-жылдын мартында санкцияларды киргизген.

"Бул чаралар Россиянын Украинага каршы ырайымсыз согушуна колдоо көрсөтүүнү көздөгөн үчүнчү өлкөлөрдүн аракеттерин аныктоо, ашкерелөө жана жокко чыгаруу боюнча АКШнын стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Россия Федерациясы согуш талаасында ок-дарыларын жана оор техникаларын жоготууну улантып жаткандыктан, өлкө барган сайын күчтөнүүдө. Согушту улантуу үчүн өзүнүн бир нече өнөктөштөрүнө, анын ичинде КЭДРге кайрылууга", - деп айтылат OFAC пресс-релизинде.

АКШнын Финансы министрлиги белгилегендей, Мкрычев Түндүк Кореянын жана Россиянын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Россияга чийки зат менен товарлардын ордуна курал-жарактын жана ок-дарылардын жыйырмадан ашык түрүн берүүнү уюштурууну пландаган.

"Бул адам ишке ашырууга аракет кылгандай схемалар Путин Иран жана Түндүк Корея сыяктуу акыркы жеткирүүчүлөргө кайрылып жатканын көрсөтүп турат", - деп айтылат АКШнын министрлигинин мурунку билдирүүсүндө.

OFAC санкциялары, адатта, АКШнын юрисдикциясындагы активдерди тоңдурууну билдирет.

Эске салсак, буга чейин АКШ Кыргызстандык төрт компанияга Россияга санкцияланган товарларды жеткиргени үчүн санкция киргизген. Кийинчерээк америкалык сенатор Боб Менендес Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, Россияга санкциялардан качууга жардам берүүнү токтотууну өтүнгөн.

АКШ төрт кыргызстандык компанияга санкция киргизди – алар 2022-жылы негизделген
АКШ Кыргызстанда жайгашкан төрт компанияга санкция киргизди. Бул тууралуу маалымат АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын сайтында жайгаштырылган. Такталгандай, Кыргызстанда жайгашкан компаниялар Россия Украинага толук масштабдуу кол салууну баштагандан б…