Кытай Кыргызстандын суусун Европага жөнөтүүгө кызыкдар

Кытай Кыргызстандан Европага ичүүчү суу жөнөтүү каалоосун билдирди. Бул тууралуу минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Qingdao Laoshan компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Данын жолугушуусунда белгилүү болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда тараптар кызматташуунун түрдүү варианттарын талкуулашты. КРнын министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн суу ресурстарынын ишке ашпай жаткан потенциалын белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

"Биз мөңгүлөрдүн жанында турабыз жана экологиялык жактан таза ичүүчү сууну Кытайга, Европа жана Азия өлкөлөрүнө экспорттоого даярбыз. Бизге "Лаошань" сыяктуу компаниялардын тажрыйбасы керек", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.
"Өз кезегинде Ван Да КРдан КЭР аркылуу Европа өлкөлөрүнө ичүүчү сууну экспорттоого кызыкты", - деп айтылат маалыматта.

СУАРга болгон жумушчу сапарынын соңунда министрлер кабинетинин башчысы Үрүмчү шаарындагы эркин экономикалык аймакка барып, ал жердеги бонд зоналары менен таанышты.

Жапаров Экономика министри Данияр Амангелдиевге Бишкек ЭЭАнын базасында ушундай эле бажы аймактарын уюштурууну тапшырып, Кыргызстанда электрондук сооданы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн мамлекет бардык шарттарды түзөрүн белгиледи.