> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чек арадагы тыгын: кечээ казак тарап үч эле унааны өткөрдү
- URL: https://im.kg/all/2023/08/22/chiek-aradaghy-tyghyn-kiechee-kazak-tarap-uch-elie-unaany-otkordu/
- Published: 2023-08-22T05:28:48.000Z
- Updated: 2023-08-22T05:28:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 21-августта жарым күн бою Казакстан "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунан Кыргызстандан үч гана жүк ташуучу унааны өткөрүүгө уруксат берген. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.**

21-августта "Ак-Тилек" постунда жүк ташуучу унаалардын тыгыны катталган. КРдан чыгуу үчүн мамлекеттик чек араны кесип өтүү үчүн кезекте 370ке жакын унаа туруп калган.

> "КРнын Чүй тилкесиндеги чек ара өкүлдөрү унаалардын жай өтүшүнүн себептери боюнча казак өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү маселесин карап жатышат. Ошентип, саат 09:00дөн 18:00гө чейин казак тарап үч унааны гана өткөрдү", - деп билдирди мекеменин маалымат кызматы.

КР УКМКнын Чек ара кызматы эч кандай чектөө киргизбегендигин жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде эле иштеп жатканын белгиледи.