Чек арадагы тыгын: кечээ казак тарап үч эле унааны өткөрдү

Кечээ, 21-августта жарым күн бою Казакстан "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунан Кыргызстандан үч гана жүк ташуучу унааны өткөрүүгө уруксат берген. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

21-августта "Ак-Тилек" постунда жүк ташуучу унаалардын тыгыны катталган. КРдан чыгуу үчүн мамлекеттик чек араны кесип өтүү үчүн кезекте 370ке жакын унаа туруп калган.

"КРнын Чүй тилкесиндеги чек ара өкүлдөрү унаалардын жай өтүшүнүн себептери боюнча казак өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү маселесин карап жатышат. Ошентип, саат 09:00дөн 18:00гө чейин казак тарап үч унааны гана өткөрдү", - деп билдирди мекеменин маалымат кызматы.

КР УКМКнын Чек ара кызматы эч кандай чектөө киргизбегендигин жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде эле иштеп жатканын белгиледи.