Казакстандын Финансы министрлиги унаалардын чек арадан өткөрүлбөй жатканын атайын операция менен байланыштырып койду

Казакстандын Финансы министри Ерулан Жамаубаев кыргыз-казак чек арасында бир нече жүз жүк ташуучу унаанын кармалышынын себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, өткөрүү бекетиндеги тоскоолдуктар Казакстандын атайын кызматтарынын иштешине байланыштуу болгон.

Казак ЖМКларынын жазганына караганда, Казакстандын Финансы министри өкмөттүн жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, казак кызматы Кыргызстан менен чек арада баңги затка каршы операция жүргүзүлүп жатканын, мындан улам КРдан Казакстанга унааларды өткөрүү жол-жоболору татаалдашканын айткан.

"Ал жерде бажы жок, бул ЕАЭБдин ички чек арасы, менин билишимче, баңгизаттарды текшерүү операциясы жүргөн, ошондуктан азыр Чек ара кызматы тарабынан тыкыр текшерүү жүрүп жатат", - деген министр.

Эскерте кетсек, 21-22-август күндөрү "Ак-Тилек" постунда Казакстан тарапка унаалардын тыгыны катталган. Дүйшөмбү күнү, КР Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, үч гана жүк ташуучу унаа чек арадан өтүп, ошол эле күнү кечке жуук өткөрүү пунктунун жанында 370тен кем эмес жүк ташуучу унаа тизилип калган, ал эми 22-августта түшкө чейин алардын саны 430дан ашкан.

Кыргызстанда бир катар эксперттер казак чек арасындагы транспорттук тыгынды быйыл жайда пайда болгон эки өлкөнүн ортосундагы суу кризиси менен байланыштырышууда.