Россияда бензин дагы, дизель да кымбаттады, бул Кыргызстандагы бааларга таасир этет — Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Дүйнөлүк экономика кыш мезгилинин алдында дизелдик отундун рекорддук тартыштыгын баштан өткөрүп жатат. Талдоочулар азыркы запастардын көлөмү дүйнөлүк экономиканын муктаждыктарына жетпей калышы мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. Кыргызстан үчүн бул тобокелдиктер күйүүчү майдын бардык түрлөрүнүн бааларынын кымбатташына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

Эшатовдун айтымында, Кыргызстандагы дизель майынын баасы баарынан мурда Росиядагы мунай иштетүүчү заводдордун баасына көз каранды. Анткени Кыргызстан күйүүчү майды ошолордон сатып алат.

"Кыргызстан Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунан кое берилген бааларга ориентир алат", - дейт Канат Эшатов.

Орус маалымат каражаттарынын жазышынча, ушул жылдын жай айларында Россияда дизель майынын баасы мезгил-мезгили менен тарыхый максимумга көтөрүлүп турган. Эксперт мындай тенденция Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасына түздөн-түз таасирин тийгизерин белгиледи.

"Август айынын башынан бери Россияда бензин дагы, дизель майы да тоннасына 140 долларга кымбаттады. Бул жагдай Кыргызстанда да баалардын кымбатташына алып келиши мүмкүн. Бирок, азырынча жергиликтүү компаниялардын запастары бар. Ушуга байланыштуу, дагы эки жума бааларды кармай алабыз. Бирок кырдаал өзгөрбөсө, анда кыргыз компаниялары дизелдин да, бензиндин да баасын көтөрүшү керек", - дейт Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы.