> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстандык Silk Avia  Ташкенттен Ысык-Көлгө аба каттамын сезон бүткүчө улантат
- URL: https://im.kg/all/2023/08/22/silk-avia-tashkienttien-ysyk-kolgho-aba-kattamyn/
- Published: 2023-08-22T10:04:57.000Z
- Updated: 2023-08-22T10:04:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Uzbekistan Airports компаниясынын регионалдык туунду компаниясы 26-августка Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча жүргүнчү каттамын пландаганын өзбек басылмасы билдирди.**

Берилген [маалыматка ](http://www.uzdaily.uz/ru/post/79147)таянсак, Кыргызстанга үзгүлтүксүз чартердик каттамдар жумасына эки жолу – **шаршемби жана ишемби күндөрү** эс алуу сезону аяктаганга чейин аткарылат. Ошентип, авиакомпания бул багытта беш эл аралык каттамды – 26 жана 30-августта, ошондой эле 2, 6 жана 9-сентябрда аткарат. Билеттер сатыкка 21-августтан баштап чыккан.

> "Аталган авиакомпания Ташкент менен Ысык-Көлдү байланыштырган алгачкы эл аралык рейсин 5-августта ишке ашырган", - дейт өзбек порталы.