Өзбекстандык Silk Avia Ташкенттен Ысык-Көлгө аба каттамын сезон бүткүчө улантат

Uzbekistan Airports компаниясынын регионалдык туунду компаниясы 26-августка Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча жүргүнчү каттамын пландаганын өзбек басылмасы билдирди.

Берилген маалыматка таянсак, Кыргызстанга үзгүлтүксүз чартердик каттамдар жумасына эки жолу – шаршемби жана ишемби күндөрү эс алуу сезону аяктаганга чейин аткарылат. Ошентип, авиакомпания бул багытта беш эл аралык каттамды – 26 жана 30-августта, ошондой эле 2, 6 жана 9-сентябрда аткарат. Билеттер сатыкка 21-августтан баштап чыккан.

"Аталган авиакомпания Ташкент менен Ысык-Көлдү байланыштырган алгачкы эл аралык рейсин 5-августта ишке ашырган", - дейт өзбек порталы.