Унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып пул салынат

Сентябрдан тарта унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, МСК жакын арада салык төлөбөндөрдү табуу жана айып салуу боюнча иш-чараларды жүргүзө баштайт.

"Мыйзамга ылайык, салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат", - дейт мекеме.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салыкты төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом административдик айып салынат. Туум күн сайын салыктын суммасынын 0.09% өлчөмүндө эсептелет.

Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.