> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми ишкерлер ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө бир эле санарип кол тамганы колдоно алышат
- URL: https://im.kg/all/2023/08/23/emi-ishkierlier/
- Published: 2023-08-23T05:31:35.000Z
- Updated: 2023-08-23T05:32:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 22-августтагы жыйынында ЕАЭБдин аймагында трансчек аралык B2G (Business-to-Government) өз ара аракеттенүүсүндө электрондук санарип кол тамганы (ЭСК) өз ара таануу эрежелери бекитилди. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.**

ЕЭК мындай чечим трансчегаралык өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана ЕАЭБде бизнес жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөт деп ишендирет.

> "Жаңы эрежелердин киргизилиши менен ЕАЭБдин ар кайсы өлкөлөрүндө иш алып барган компаниялар **мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү үчүн бир эле ЭСКны колдоно алышат**. **Бул ар бир өлкө үчүн өзүнчө ЭСК алуунун кереги жок болот дегенди билдирет**, бул процессти кыйла жөнөкөйлөтүп, административдик чыгымдарды азайтат", - деп айтылат [маалыматта](https://eec.eaeunion.org/news/eek-prinyala-reshenie-o-vzaimnom-priznanii-elektronnoy-tsifrovoy-podpisi-v-transgranichnykh-b2g-vzai/).

Ошондой эле уюм азыркы жасалган кадам келечекте мамлекеттер аралык сооданын жана биримдиктин интеграциясын өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгиледи.