Эми ишкерлер ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө бир эле санарип кол тамганы колдоно алышат

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 22-августтагы жыйынында ЕАЭБдин аймагында трансчек аралык B2G (Business-to-Government) өз ара аракеттенүүсүндө электрондук санарип кол тамганы (ЭСК) өз ара таануу эрежелери бекитилди. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

ЕЭК мындай чечим трансчегаралык өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана ЕАЭБде бизнес жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөт деп ишендирет.

"Жаңы эрежелердин киргизилиши менен ЕАЭБдин ар кайсы өлкөлөрүндө иш алып барган компаниялар мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү үчүн бир эле ЭСКны колдоно алышат. Бул ар бир өлкө үчүн өзүнчө ЭСК алуунун кереги жок болот дегенди билдирет, бул процессти кыйла жөнөкөйлөтүп, административдик чыгымдарды азайтат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле уюм азыркы жасалган кадам келечекте мамлекеттер аралык сооданын жана биримдиктин интеграциясын өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгиледи.