Кыргыз-казак чек арасында 500 чамасында жүк ташуучу унаа өтпөй турат

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш кызматы 23-августка карата "Ак-Тилек" жана "Кең-Булуң" өткөрүү жайларынын алдында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калганын билдирди.

Саат 13:00гө карата Кыргызстандан чыгуу үчүн "Ак-Тилек-автодорожный" постунун алдында 493, ал эми «Кең-Булуң-автодорожный» постунун алдында 146 унаа кезекте турат. Кыргызстандан Казакстанга кечээ 112 унаа өткөрүлгөн.

Кыргыз тараптагы өткөрүү пункттары кадимки режимде иштеп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-августта Казакстандын Финансы министри өкмөттүн жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, казак кызматы Кыргызстан менен чек арада баңги затка каршы операция жүргүзүлүп жатканын, мындан улам КРдан Казакстанга унааларды өткөрүү жол-жоболору татаалдашканын айткан.

Кыргызстанда бир катар эксперттер казак чек арасындагы транспорттук тыгынды быйыл жайда пайда болгон эки өлкөнүн ортосундагы суу кризиси менен байланыштырышууда.

Эскерте кетсек, 21-22-август күндөрү "Ак-Тилек" постунда Казакстан тарапка унаалардын тыгыны катталган. Дүйшөмбү күнү, КР Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, үч гана жүк ташуучу унаа чек арадан өтүп, ошол эле күнү кечке жуук өткөрүү пунктунун жанында 370тен кем эмес жүк ташуучу унаа тизилип калган, ал эми 22-августта түшкө чейин алардын саны 430дан ашкан.