"Кыргыз темир жолу" сентябрь айынан баштап жүк ташуу тарифин 10%га кымбаттатат

7-сентябрдан тарта "Кыргыз темир жолу" жүк ташуу үчүн тарифтерди 10%га көтөрөт. Бул тууралуу аталган мамлекеттик ишкананын маалымат кызматы билдирди.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө жүк ташуудагы жаңы тарифтер тууралуу кезексиз жыйында айтып берди. Анда тараптар ишкерлердин темир жол транспортуна муктаждыктарын канааттандыруу үчүн "Кыргыз темир жолунун" өз ара аракеттенүүсүнүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

"Катышуучулар жолугушууда көтөрүлгөн маселелер боюнча (үстүбүздөгү жылдын сентябрынан тарта тарифтердин 10%га көтөрүлүшү - ред.) өз ара түшүнүшүүгө келишти", - деп айтылат компаниянын маалыматында.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу курулса, КР жылына 200 млн доллар пайда көрмөк. Бирок эмнеге 30 жылдан бери курулбай келет?
Eurasia Today маалымат порталы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулса, Кыргызстан жылына дээрлик 200-280 млн доллардай пайда көрөөрү болжолдонгонун, бирок эмне үчүн пайдалуу, келечектүү жана кирешелүү бул долбоор 30 жылдай убакыт өтсө да ишке ашпай келгени жөнүндө макаласын жарыялады.…