Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 5.4%ды түздү

2023-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда инфляция 5.4%ды түздү. Бул тууралуу маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди.

Берилген маалыматка ылайык, азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 3.9%га, азык-түлүк эмес товарларга 6.9%га, алкоголдук ичимдиктерге 7.9%га жана тамеки буюмдарына 9.8%га, ал эми калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 6%га кымбаттады.

Июль айында Чүй облусун кошпогондо, республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү белгиленген. Баалардын эң көп көтөрүлгөнү Нарын облусунда (2.8%га) байкалган, мында тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар, алкоголдук жана тамеки буюмдары, ошондой эле азык-түлүк эмес товарлар кымбаттаган. Улуттук статистикалык комитет Баткен облусунда кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин эң көп көтөрүлүшүн каттады.

Эске салсак, 2022-жылы инфляция 14.7%ды түзгөн.