Бүгүн кыргыз-казак чек арасына Евразия экономикалык комиссиясы кырдаал менен таанышууга келет

Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү (ЕЭК) кырдаал менен таанышуу үчүн кыргыз-казак чек арасына келет. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен Economist.kg басылмасына билдиришти. Аталган иш сапар бүгүн, 24-августта эртең мененкиге белгиленген.

Ведомстводон билдиришкендей, КР Экономика министрлиги ЕЭКке кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын өтүү абалын изилдөө өтүнүчү менен кат жолдогон. Жогорку экономикалык орган кыргыз тараптын жүйөлөрүн угуп, маселени жеринен байкоого макул болгон.

"Жумушчу топту ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев жетектейт. Бүгүн саат 10:30да "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда көчмө жыйын болот", - деп билдирди Экономика министрлиги.

Эске салсак, төрт күндөн бери Казакстан менен чек ара бекеттеринин алдында жүздөгөн жүк ташуучу унаалар көп километрге созулган тыгында турушат. 21-августта "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунун жарым күндүк иштөөсүндө чек арадан үч гана унаа өткөн. 23-августта чек арадан өткөн унаалардын саны 120дан ашкан, бирок унаалардын тыгыны дагы деле катталууда.

Кыргыз-казак чек арасында 500 чамасында жүк ташуучу унаа өтпөй турат
УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш кызматы 23-августка карата ”Ак-Тилек” жана ”Кең-Булуң” өткөрүү жайларынын алдында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калганын билдирди. Саат 13:00гө карата Кыргызстандан чыгуу үчүн ”Ак-Тилек-автодорожный” постунун алдында 493, ал эми «Кең-Булуң-автодор…
Казакстанга сууну графикке жана протоколго жараша бердик — КР Айыл чарба министрлиги
КР Айыл чарба министрлиги бүгүнкү күндө Кыргызстан Казакстандын алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарганын билдирди. Министрлик суу бөлүштүрүү графикке жана протоколго ылайык берилгенин белгиледи. ”Киров суу сактагычынын долбоордук көлөмү 550.0 млн м3. Киров суу сактагычынан 2023-жылдын 21-ап…