> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Италия, Япония, Катар – Туризмди өнүктүрүү фонду туристтик бизнестин өкүлдөрүн чет элдеги көргөзмөлөргө катышууга чакырат
- URL: https://im.kg/all/2023/08/24/italiia-iaponiia-katar-turizmdi-onukturuu-fondu-turisttik-bizniestin-okuldorun-chiet-eldieghi-korghozmolorgho-katyshuugha-chakyrat/
- Published: 2023-08-24T09:14:38.000Z
- Updated: 2023-08-24T09:14:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туристтик бизнес менен алектенген ишкерлерди Италия, Япония, Катар жана Өзбекстандагы көргөзмөлөргө катышууга чакырат.**

> "Урматтуу туристтик бизнестин өкүлдөрү: туроператорлор, мейманканалардын, курорттордун өкүлдөрү, 2023-жылдын экинчи жарымында бир катар Туристтик көргөзмөлөр өткөрүлөт, ага биздин республика да катышат. Көргөзмөлөргө КРнын улуттук стендин уюштурууга катышуу үчүн акыркы орундар калды", - дейт фонд.

**Көргөзмөлөрдүн тизмеси:** 

- 11-13.10.23 – Римини, Италия
- 26-29.10.23 – Осака, Япония
- 06-08.11.23 – Лондон, Улуу Британия
- 15-17.11.23 – Ташкент, Өзбекстан
- 20-22.11.23 – Доха, Катар.

Арыздар 1-сентябрга чейин кабыл алынат. Кененирээк[ бул жерден ](https://www.facebook.com/kgtourismfund/posts/pfbid02ybBwbA9NAuUs8AJmpwu7z4iLj69DZRezwpE7GNuNnkPLJq8anKktr3epC4stxHUEl)маалымат алууга болот.