Италия, Япония, Катар – Туризмди өнүктүрүү фонду туристтик бизнестин өкүлдөрүн чет элдеги көргөзмөлөргө катышууга чакырат

КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туристтик бизнес менен алектенген ишкерлерди Италия, Япония, Катар жана Өзбекстандагы көргөзмөлөргө катышууга чакырат.

"Урматтуу туристтик бизнестин өкүлдөрү: туроператорлор, мейманканалардын, курорттордун өкүлдөрү, 2023-жылдын экинчи жарымында бир катар Туристтик көргөзмөлөр өткөрүлөт, ага биздин республика да катышат. Көргөзмөлөргө КРнын улуттук стендин уюштурууга катышуу үчүн акыркы орундар калды", - дейт фонд.

Көргөзмөлөрдүн тизмеси:

  • 11-13.10.23 – Римини, Италия
  • 26-29.10.23 – Осака, Япония
  • 06-08.11.23 – Лондон, Улуу Британия
  • 15-17.11.23 – Ташкент, Өзбекстан
  • 20-22.11.23 – Доха, Катар.

Арыздар 1-сентябрга чейин кабыл алынат. Кененирээк бул жерден маалымат алууга болот.