> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кийинки жумада кыргызстандыктар бир күн кошумча эс алышат
- URL: https://im.kg/all/2023/08/24/kiiinki-zhumada-kyrghyzstandyktar-koshumcha-bir-kun-es-alyshat/
- Published: 2023-08-24T11:30:30.000Z
- Updated: 2023-08-24T11:30:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**Келерки жумада кыргызстандыктар кошумча бир күн эс алышат** — **31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү. Бул тууралуу маалымат үстүбүздөгү жылдын календарында бекитилген.**

Эске салсак, КРнын Эгемендүүлүк күнү Кыргызстандын улуттук майрамы жана ал 31-августта белгиленет. 1991-жылдын ушул күнү Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын декларациясы" жөнүндө токтом кабыл алган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/image-17.png)

Мыйзамга ылайык, 31-август мамлекеттик кызматтар жана ведомстволор, ошондой эле мамлекет катышкан ишканалар (үлүш ​​50% жана андан көп) үчүн дем алыш күнү деп белгиленген. Ошондой эле Эмгек министрлиги башка бардык мекемелерге бул күнү кызматкерлерине кошумча эс алуу берүүнү сунуштайт.