Кийинки жумада кыргызстандыктар бир күн кошумча эс алышат
Келерки жумада кыргызстандыктар кошумча бир күн эс алышат — 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү. Бул тууралуу маалымат үстүбүздөгү жылдын календарында бекитилген.
Эске салсак, КРнын Эгемендүүлүк күнү Кыргызстандын улуттук майрамы жана ал 31-августта белгиленет. 1991-жылдын ушул күнү Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын декларациясы" жөнүндө токтом кабыл алган.
Мыйзамга ылайык, 31-август мамлекеттик кызматтар жана ведомстволор, ошондой эле мамлекет катышкан ишканалар (үлүш 50% жана андан көп) үчүн дем алыш күнү деп белгиленген. Ошондой эле Эмгек министрлиги башка бардык мекемелерге бул күнү кызматкерлерине кошумча эс алуу берүүнү сунуштайт.