QR-код аркылуу азырынча бодо малдын сапатын гана текшерүүгө болот

Атайын тиркеменин жардамы менен коюлган QR-код аркылуу азырынча ири мүйүздүү бодо малдын гана этин текшерүүгө болот, анткени майда малды идентификациялоо иштери толук аягына чыга элек. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын Малды, малдан алынган азыктарды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Манас Майканов "Спутник" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, азырынча ири мүйүздүү бодо малдын эти гана система аркылуу көзөмөлдөнүүдө.

"Атайын тиркеменин жардамы менен коюлган QR-коддо эмненин эти, малдын качан союлганы, жашы, алган вакциналары тууралуу маалымат камтылат. Мындай ыкма эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана бул малдын этин сатууга уруксаты бар-жогу тууралуу маалыматтардын баарын берет. Азырынча чийки этке, андан соң эт азыктарына киргизилет. Бул жерде ири мүйүздүү бодо малдын эти гана система аркылуу көзөмөлдөнүүдө. Учурда майда малды идентификациялоо иштери толук аягына чыга элек", — деди Майканов.

Ошондой эле ал андан соң сүттөн жасалган продукциялар кийинки этап менен ишке ашарын, балык, үй канаттуулары, бал аарылары каттоодон өтүп, алардын кыймылын көзөмөлдөө системасы иштелерин кошумчалады. QR-код жок болсо кардар сатуучудан талап кылса болот.

Эми Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот
Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот. Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы этти сатып алардан мурун QR кодун сканерлеп, сапатын жана сактоо мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү идентификациялык системаны ишке киргизди. Аталган министрликтин маалымтына…