Эми ӨР менен КРнын жарандары эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгууда ID-картаны колдонсо болот

Эми ӨР менен КРнын жарандары эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгууда ID-картаны колдонсо болот. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

КР ТИМ 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө КРнын өкмөтү менен ӨРнын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун практикалык ишке ашырылышынын башталышы жөнүндө маалымдады.

"Протоколго ылайык, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып КРнын жана Өзбекстандын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-карта менен колдоно алышат", - деп айтылат маалыматта.
Өзбекстандык Silk Avia Ташкенттен Ысык-Көлгө аба каттамын сезон бүткүчө улантат
Uzbekistan Airports компаниясынын регионалдык туунду компаниясы 26-августка Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча жүргүнчү каттамын пландаганын өзбек басылмасы билдирди. Берилген маалыматка таянсак, Кыргызстанга үзгүлтүксүз чартердик каттамдар жумасына эки жолу – шаршемби жана ишемби күндөрү э…