Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасындагы абал менен таанышышты

Кечээ, 24-августта ыкчам көчмө кеңешменин жүрүшүндө "Ак-Тилек автодорожный" өткөрмө пунктунда КРнын мамлекеттик органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасындагы абал менен таанышышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Министрлик маалымдагандай, кырдаал менен таанышуу жана мүмкүн болгон чечимдерди издөө үчүн КРнын өтүнүчү боюнча Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында ЕЭКтин ар кандай департаменттеринин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

"Чек арада түзүлгөн кырдаал, албетте, Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Биздин ишкерлер чоң жоготууларга учурап жатышат жана өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин өз убагында аткара албай жатышат. Ошондой эле токтоп турган жүктүн арасында тез бузулуучу продуктулар да бар, аларды өз убагында жеткирбөө чоң финансылык жоготууларга алып келет", - дейт ведомство.

Белгилүү болгондой, 20-августтан тартып КР расмий билдирүүсүз бир тараптуу тартипте кыргыз жүк ташуучу автотранспортторун өзүнүн өткөрүү пункттары аркылуу өтүүсүн чектеген. Мындай чаралардын натыйжасында Кыргыз тарапта 500гө чейин жүк ташуучу транспорт каражаты кезекте турат.

"Биргелешкен текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстандын аймагына кирүүгө кезекте турган 400гө жакын жүк ташуучу автоунаа саналды. Күндүн ысыгында тез бузулуучу жүктөрдүн кезекте тургандыгы кырдаалды курчутту", - деп айтылат маалыматта.

Берилген маалыматка таянсак, ЕЭКтин өкүлдөрү тарабынан таанышып койгондон башка, казак тараптын мамлекеттик органдарына эч кандай сунуш же эскертүү берилген эмес.

Бирок кийинчерээк Казакстан чек арадан саатына 2-3 унаадан 8-9 унаага өтүүнү көбөйттү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) басма сөз кызматы делегациянын кыргыз-казак чек арасына болгон иш сапарынын жыйынтыгында, учурдагы абал менен таанышып чыккандан кийин билдирди.