КР Германияга 15 млн евро карызын конверсиялагандыгы үчүн ыраазычык билдирип, калган карызды жашыл экономикага салууну сунуштады

Кечээ, 24-августта Берлинге болгон сапарынын алкагында КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Федералдык канцлеринин ведомствосунун Тышкы саясат жана коопсуздук тобунун жетекчиси, Тышкы саясат башкармалыгынын башчысынын орун басары Кристиан Аульбах менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө Кулубаев кыргыз-герман диалогунун потенциалдуу багыттары, тактап айтканда, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө, транспорт, логистика жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү жөнүндө айтып берген.

"Кулубаев 2022-жылы Кыргызстандын 14.9 млн евро өлчөмүндөгү карызын конверсиялоо чечими үчүн Федералдык Өкмөткө ыраазычылык билдирип, калган карызды жашыл экономиканын долбоорлоруна алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады", - деп билдирди министрликтен.

Германия-Борбордук Азия контекстиндеги кызматташтыкты, Кыргызстандын аймактык кызматташтыгын, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Германия кечкен КРнын 14.9 млн евро суммасындагы карызы МИКке KfW банкы аркылуу берилет
Финансы министрлиги менен Германиянын өнүктүрүү банкы KfW 14.9 млн евро өлчөмүндөгү карызды конверсиялоо боюнча келишимге кол коюшканын Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) басма сөз кызматы кабарлады. Конверсиянын алкагында, Германиянын өкмөтүнө болгон карыз акча KfW аркылуу КРдагы «Турак…
Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечип салууну чечти – бирок бир шарт койду
Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечүүнү чечти. Бирок бул каражатты жарандарга ипотекалык насыя катарында берүү шартын койду. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди. «Же боорукерлигиненби, же жакырлыгыбызды түшүндүбү, Германия биздин 14 млн 900 миң ев…