> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайдын бир топ жылга стратегиялык планы бар жана аны кыйшаюусуз аткара турган башкаруу механизми иштейт — Улукман Мамытов
- URL: https://im.kg/all/2023/08/25/kytaidyn-baghyty-anyktalaghan-bir-top-zhylgha-mierchiemdielghien-stratieghiialyk-plany-bar-zhana-any-kyishaiuusuz-atkara-turghan-bashkaruu-miekhanizmi-ishtieit/
- Published: 2023-08-25T04:56:04.000Z
- Updated: 2023-08-25T04:56:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытайдын багыты аныкталган, бир топ жылга мерчемделген стратегиялык планы бар жана аны кыйшаюусуз аткара турган башкаруу механизми иштейт. Ал эми Кыргызстанда ачык экономикалык рынок. Ошондуктан ким менен алака түзүп жатканыбызды эске алып, өкмөт олуттуу стратегиялык иш пландарды буга чейин иштеп чыгышы зарыл болчу.**

Мындай пикирин экономист Улукман Мамытов "Спутник" радиосуна берген [маегинде](https://sputnik.kg/20230824/kyrgyz-kytaj-ehkonomikalyk-alakasy-1078067884.html) билдирди. Анын айтымында Синьцзян-Уягур автономиялуу району соңку жылдары Кытай үчүн стратегиялык аймакка айланып баратат. Өлкөнүн чыгышынан ушул тарапка келип отурукташкан ири компаниялар да көбөйүүдө. Мунун баары Кытайдын стратегиялык пландарына кирет.

> "Анткени учурда жүрүп жаткан геосаясий абалдан улам АКШ деңиз жолун бөгөп койсо Кытай Батышка товарларын Кыргызстан, Казакстан жана Россия аркылуу жеткирет. Бул үчүн алар чоң-чоң инвестицияларды жумшоого даярдыгын ачыкташты. Бирок калк арасында Кытай менен алака түзүүдө чочулоо бар. Ал да жөндүү десек болот. Анткени Кытайдын багыты аныкталаган, бир топ жылга мерчемделген стратегиялык планы бар жана аны кыйшаюусуз аткара турган башкаруу механизми иштейт. Ал эми бизде ачык экономикалык рынок. Ошондуктан ким менен алака түзүп жатканыбызды эске алып, өкмөт олуттуу стратегиялык иш пландарды буга чейин иштеп чыгышы зарыл болчу", - дейт ал.

Ошондой эле экономист кыргызстандыктар мындай стратегиялык концепцияларды көрбөгөндүктөн бир аз кооптонуу болуп жатканын айтат.

> "Бирок коркуп отура бербей мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып калышыбыз абзел. Кыргызстан бир эле транзиттик мамлекет эмес, Кытайдын товарларын бизден чыгара турган ири өндүрүштүк ишканаларды куруп, аны иштетүүдө өзүбүздүн адистерди окутуп, үйрөтүүгө кошо жетишишибиз керек", — деди Мамытов.

[Кыргызстан Кытайга товар жеткирүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда туратКыргызстан Кытайга товар экспорттоо боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда турат. Мындай маалыматты Кытайдын Бажы башкармалыгынын биринчи жарым жылдыктагы жыйынтыгына таянып Eurasianet.org жазды. Аталган ЖМК белгиленгендей, Борбордук Азия өлкөлөрү менен сооданын жалпы балансы Кытайдын…![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/size/w256h256/2023/05/-------------------------2---------8.001-3.png)ИШКЕР MEDIAИшкер Media![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/snapedit_1690449765032.jpeg)](https://im.kg/kyzyktuular/2023/07/27/kyrghyzstan-kytaigha-tovar-zhietkiruu-boiuncha-borbor-aziia-olkolorunun-ichinien-akyrky-orunda-turat/)

[Кытайга көмүрдү өткөрүү үчүн ”Торугартка” жакын жерге көмүр логистикалык базасы курулатКР Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Синьцзянь-уйгур автономиялуу районуна болгон иш сапарынын алкагында жалпы 17 документке кол коюп келди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет. ”Торугарт” кыргыз-кытай автомобиль чек арасына жакын көмүр логистикалык борборун биргелешип…![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/size/w256h256/2023/05/-------------------------2---------8.001-3.png)ИШКЕР MEDIAНазира Абдиева![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/ugol-2-1200x675.jpg)](https://im.kg/all/2023/08/21/kytaigha-komurdu-tieziriek-zhietkiruu-uchun/)

[Кытай Кыргызстандын суусун Европага жөнөтүүгө кызыкдарКытай Кыргызстандан Европага ичүүчү суу жөнөтүү каалоосун билдирди. Бул тууралуу минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Qingdao Laoshan компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Данын жолугушуусунда белгилүү болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушууда тараптар кы…![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/size/w256h256/2023/05/-------------------------2---------8.001-3.png)ИШКЕР MEDIAИшкер Media![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/5df8a7bd64b9f444401715.jpg)](https://im.kg/all/2023/08/21/kytai-kyrghyzstandyn-suusun-ievropagha-zhonotuugho-kyzykdar/)