Минск Камбар-Ата-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунан киреше табууга кызыкдар

Минск Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоорлорунан киреше табууга кызыкдар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Анатолий Сивак менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жолугушуусунда белгилүү болгонун "Беларусь сегодня" басылмасы жазды.

ЖМКнын маалыматына караганда, жолугушууда Сивак Беларусь эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууда бардык багыттар боюнча өнүгүүгө максат койгонун, бирок соода-экономикалык чөйрө приоритеттүү бойдон экенин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанды өлкөдөгү курулуш долбоорлорго беларус бизнесинин катышуусун карап чыгууга чакырды.

"Биз Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушуна, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун кыргыз тилкесин курууга биздин техниканы, жабдууларды, адистерибиздин тажрыйбасын сунуштайбыз. Биз көп форматтуу жана бул багытта Кыргызстан менен узак мөөнөттүү өнөктөш болууга үмүттөнөбүз", - деди Сивак.

Эске салсак, буга чейин Минск Бишкекке тез бузулуучу айыл чарба продукциясын ташып келүү маселесин чече турган түз аба каттамдарына кызыкдар экенин билдирген болчу.