Нариман Түлеевдин туугандарынын компаниясы 11-кичи райондо көп кабаттуу үй курат

"Экспострой курулуш компаниясы" курулуш компаниясы Бишкектин 11-кичи районундагы бузулган гараждардын ордуна көп кабаттуу турак жай комплексин курууга камданып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) жетекчиси Аида Төлөгөнованын жер тилкеси менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Stroy.kg маалымдагандай, курулуш компаниясы даярдык иштерин баштады, учурда жер кыртышын геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлүп, карьерден таштандылар чыгарылууда.

Буга чейин Stroy.kg маалыматтык агенттиги 11-кичирайондогу бузулган гараждардын астындагы жер тилкелери жана анын жанындагы карьер "Экспострой курулуш" ишканасынын үйлөрүн курууга берилгенин маалымдаган. Анын ээлери Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин жакындары болуп саналат.

Бул жер тилкелери алгач Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп, ал 1-августта "Экспострой курулуш" компаниясы менен турак жай комплексин долбоорлоо, каржылоо жана куруу боюнча инвестициялык келишим түзүүнү жактырган.

МИК салым катары жалпы аянты 9.64 га жана баланстык баасы 1.4 млрд сомду түзгөн эки жер тилкесин өткөрүп берген.

"Экспострой курулуш" компаниясынын директору жана негиздөөчүсү Кубанычбек Бексултанович Түлеев. Буга чейин анын негиздөөчүлөрүнүн катарында Нарынбек Түлеев менен Бакыт Нариман уулу да болгон.

Кыргызстандагы кыймылсыз мүлк тууралуу кененирээк жаңылыктарды Stroy.kg сайтынан окуңуз. Агенттиктин материалдары Instagram жана Telegram социалдык тармактарында да бар.

Мамлекеттик ипотекага бериле турган батирлерди Нариман Түлеевдин туугандарынын компаниясы курат
″Политклиника” порталынын журналисттери Мамлекеттик ипотекага (МИК) бериле турган батирлерди Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин туугандарына таандык ”Экспострой курулуш компаниясы” ЖЧКсы курары тууралуу маалыматты фактчек материалы менен далилдешти. Аталган медиа ”Экспострой курулуш ком…