БУУ кыргыз ишкер айымдарды виртуалдык ЭКСПОго чакырат – арыздарды кабыл алуу башталды

БУУнун Европа жана Борбордук Азиядагы Аялдар түзүмү кыргыз ишкер айымдарын Аялдардын ишкердигинин виртуалдык ЭКСПОсу 2023/24 иш-чарасына чакырат. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, ЭКСПО бизнес түзүү жана байланыш түзүү боюнча жергиликтүү жана региондор аралык бир катар иш-чаралардан, ошондой эле аймактагы ишканаларга, инвесторлорго жана ишкер аялдарга бири-бири менен билим алууга жана баарлашууга мүмкүндүк берүүчү потенциалды жогорулатуу боюнча семинарлардан турат.

ЭСКПОнун кульминациясы тармакташуу жана инвесторлор алдында питчинг кылуу болот.

ЭКСПОнун бардык этаптарына катышуу үчүн, сиз аял ишкер же аялдар бизнесинин өкүлү катары ушул бизнес этаптарынын бирин өтүшүңүз керек:

  • MVP – минималдуу жашоого жөндөмдүү продукт
  • Алгачкы этап (сатыкка коюлган)
  • Өсүү этабы (киреше алуу)

ЭКСПОго катышуу менен сиз төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү аласыз:

1. Интернет көргөзмө мейкиндигинде  бизнесиңизди көрсөтүү

2. Алдыңкы компаниялардын коштоосу менен өткөт бизнес-окутууларга катышуу

3. Насаатчылардан колдоо алуу

4. Инвестициялык сунушуңузду даярдап, башкалардан сын-пикирин алуу

5. Европа жана Борбордук Азиянын 13 мамлекетинен кесиптештер менен баарлашуу

6. 2024-жылы жазында Стамбул шаарында өтчү Expo Capital Quest иш-чарага катышуу (кошумча тандоо шартында).

Экономиканын бардык тармактарынын өкүлү болгон ишкер аялдар ЭКСПО-2023гө катыша алышат.

"БУУ-Аялдар" уюму өзүнүн өнөктөштөрү менен биргеликте ишкерлерди кылдат профилдештирет жана аларды секторлор боюнча топтоштурат. 2023-жылдын ноябрь айында боло турган регионалдык виртуалдык көргөзмө бардык кызыкдар аял ишкерлер үчүн ачык болот. Тандалган аялдар виртуалдык жана жергиликтүү иш-чараларга катышууга чакырылат, алар өлкөгө жараша ар кандай болот", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага катышууга арызды бул шилтеме аркылуу берсеңиз болот.