«Альянс Алтын» Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын 10 мүчөсүн жабдыктар менен камсыздады

Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» ишканасы Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын 10 мүчөсүн жабдыктар менен камсыздады. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, жабдыктар спортчуларды колдоо максатында «Альянс Алтын» ишканасы тарабынан түзүлгөн жаңы мекеменин багыты боюнча 10 спортчуга тапшырылды. Алар: Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоломан Шаршенбеков, Үзүр Джусупбеков, Ислам Орозбеков, Алмаз уулу Бекзат, Раззак Бейшекеев, Калидин Асыкеев, Атабек Азизбеков жана Тынар Шаршенбеков.

2023-жылы Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербия өлкөсүнүн борбору Белград  шаарында өтөт. Медалдар күрөштүн эркин, грек-рим жана аялдар арасындагы түрү боюнча ойнотулат.

«Спорт тармагына жардам берүү менен биз дени сак жашоо образын жайылтууга жана өлкөбүздүн дүйнөлүк аренадагы аброюн көтөрүүгө салым кошуп жатабыз. Балбандарыбызга ийгилик каалайбыз! Алар дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын атын дагы да чыгарып, 2024-жылы боло турган Олимпиадага жолдомо алышат деген терең ишенимдебиз», - деп белгиледи компаниянын өкүлдөрү.

Ошондой эле «Альянс Алтын» ишканасы 2022-жылы Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети менен кызматташтык келишимин түзгөн жана убак-убагы менен спорттун олимпиадалык ар кыл түрлөрүнүн өкүлдөрүн колдоого алып келет.