Кыргызстанда кандай унаага талап көп?

Фейсбук социалдык түйүнүндө Bishkek Life деп аталган тайпада колдонуучулардын бири "Кыргызстанда кандай машинага талап көп? Комфорт, ишенимдүүлүгү, күйүүчү майды керектөөсү боюнча" деген сурамжылоосуна жүздөн ашык адам өз пикирин калтырган.

Ал жерде комментарий калтырган 123 адамдан отузу Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага талап көп экенин жана ал Кыргызстан үчүн эң ылайыктуу унаа экенин айтышкан. Ошондой эле кийинки орундарда Toyota Prius, Honda Fit жана Lexus үлгүсүндөгү унааларды аташкан. Ошондой эле Lexus унааларынын гибриддик үлгүлөрү да абдан ынгайлуу экени айтылат.

Ошондой эле пикирлерди mashina.kg сайтынын маалыматтары да тастыктап тургандай. Аталган сайттын 2022-жылдагы "Кыргызстандагы эң көп сатылган ТОП-10 унаа маркалары" деген тизмесинин эң башында дагы мына ушул Toyota менен Honda турат.

Ал эми ошол эле аталган порталдын башкы директору Тилек Ешеналиев Economist.kg сайтына берген видео маегинде аймактарда Daewoo Matiz эң популярдуу унаа экенин билдирген эле.