Бишкек курулуш тармагынын өнүгүүсүнө жетишпей калууда — "Бишкек башкы архитектура" коммуникация көйгөйлөрү тууралуу

Курулуш компаниялары же жеке жактар кандайдыр бир объектини курууда инженердик тармактарга кошуу маселесин өз алдынча чечишет. Бул курулуш тармагынын тез өнүгүшүнө байланыштуу болууда. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектуранын" жетекчисинин орун басары Назгүл Койбагарова Economist.kg сайты уюштурган "Кыргызстандагы курулуш бизнесинин көйгөйлөрү" аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин бардык инженердик коммуникациялары 2025-жылга чейин долбоорлонгон, бирок ал ишке ашпай келет. Буга инфраструктураны өнүктүрүү боюнча программалардын жоктугу себеп болгон жана бардык маселелер жекече чечилип келет.

"Инженердик коммуникациялардын көйгөйлөрүн курулуш компаниясы же жеке өзү чечип келишкен. Инженердик тармактар ​​жок болгон күндө да Бишкек башкы архитектуранын коммуникацияга кошулуу мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тартууга укугу жок. Шаар курулуш тармагына туруштук бере албай жатат, - деп белгиледи Койбагарова.