Курулуш компаниялары чакан жер тилкелерине көп кабаттуу үй курганы суу менен камсыздоодо көйгөй жаратууда

Курулуш компаниялары чакан жер тилкелерине көп кабаттуу үй курушууда. Мындай курулуштар суу менен камсыз кылууда кыйынчылыктарды жаратат. Бул тууралуу Economist.kg сайты уюштурган "Кыргызстандагы курулуш бизнесинин көйгөйлөрү" аттуу тегерек столдо Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Камчыбек Кенжетаев билдирди.

Анын айтымында, курулушчулар беш жер үй сатып алышып эле кичине жерге көп кабаттуу үйдүн курулушун баштап жатышат. Азыр шаарда мындай учурлар көп, шаардык кызматтар ар бирин өзүнчө тейлей албайт.

"Бул бардык кызматтар үчүн көйгөй жаратып келет. Суу менен камсыздоо кубаттуулугу жетишсиз. Маселе системалар көп жыл мурун салынганында. Жылуулукка байланыштуу бул маселени чечсе болот, бирок электр энергиясы жана суу менен камсыздоодо мындай көйгөйлөр сакталып калууда», - деп баса белгиледи Кенжетаев.

Анын пикирине Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Зоодар Атакеев да кошулат. Ал белгилегендей, курулушчулар уруксат алганга чейин эле курулуш иштерин баштап салышат.

"Компаниялар 4.5 сотых жер тилкесин сатып алып, балдар аянтчалары жана унаа токтотуучу жайлары жок жети кабаттуу үй кура башташат. Мунун баары кийинки көйгөйлөрдү жаратат", - дейт Атакеев.